Menu

Фото – Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен КМШ ички иштер министрлеринин жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-май күнү Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышууга келген делегациянын башчылары менен жолукту. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын президенти Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары менен учурашып,  Шериктеш өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштүк байланыштын бекемделип жаткандыгын   айтып өттү. Бүгүнкү күнү, КМШнын ички иштер министрлеринин кеңеши натыйжалуу кызматташуунун, алдыңкы тажрыйбалар,  билимдер менен бөлүшүүнүн, андан  сырткары терроризмге, экстремизмге, баңгитрафигине, уюшкан кылмыштуулукка жана адам сатууга каршы күрөшүүнү тыгыз координациялоонун маанилүү маханизми болуп саналат.

Кеңештин ишинин натыйжалуулугу жөнүндө Шериктеш мамлекеттердин аймагында беш жыл аралыгында кылмыштардын саны 25 пайызга азайганы күбөлөндүрөт. Андан сырткары, бирдиктүү операциянын алкагында өткөн жылы баңгизаттарын мыйзамсыз жүргүзгөн 892 адамдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 84 кылмышкер кармалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын кызматташуусун кеңейтүү, анын ичинде түзүмдөр аралык натыйжалуу кызматташууну уюштуруу, бирдиктүү иш-чараны өткөрүү, кадрларды
профессионалдык жактан даярдоо чөйрөсүндө программаларды ишке ашыруу маселелери каралды.

Ошондой эле, регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде Афганистандагы абалды тынч жөнгө салуу жана улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү өнөктөштүктү бекемдөө боюнча талкуулашты. Делегациянын жетекчилери Өзбекстан Республикасынын президентине жылуу кабыл алгандыгы үчүн  терең ыраазычылыктарын айтышып,  өз мамлекеттеринин башчылары салам айтышкандыгын билдиришти. Укук бузууларды эскертүү жана алдын алуунун натыйжалуу тутумун
калыптандырууга багытталган биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан укук коргоо тутумунун реформасы жогору бааланды.

Жалпы чакырыктарга жана коркутууларга каршы аракеттенүүдө бирдиктүү колдоо менен күчтөрдү бириктирүү максатында  активдүү кызматташууну өнүктүрүүгө Шериктеш мамлекеттердин укук коргоо түзүмдөрүнүн даяр экендиги баса белгиленди.

Жыйынтыгында Өзбекстан Республикасынын президенти КМШнын Ички иштер министрлеринин кеңешинин катардагы отурумун ийгиликтүү өткөрүп алууларын каалады.

Иш-чаранын алдында делегациялардын башчылары  Өзбекстандын Ташкенттеги эң белгилүү эстеликтерди бири-Көз карандылыктын жана гуманизмдин монументине гүл коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: