Мамлекеттик мүлк фондуна Goldenkey Asset Investment & Management деген кореялык компаниядан «Альфа Телекомдун» 100 пайыз акциясын сатып алууга арыз түштү. Бул тууралуу мүлк фондунан тастыкташты. Мамлекеттик мүлк фонду учурда Goldenkey Asset Investment & Management компаниясынын кызыгуусун карап жатат. Эске салсак, Мегакомду сатып алууга швейцариялык ALF Consulting SA жана «Ака минералз энд майнинг» компанияларынан дагы арыз келип түшкөн.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ