Menu

Мадумаров качантан бери Текебаевдин абалына кыжаалат болуп калган?

Бөлүшүү:

Саясаттагы өзүмчүл саясатчылардын катарын “Бүтүн Кыргызстан” лидери Адахан Мадумаров толуктай турганын биз абдан жакшы билебиз. Ушул күнгө чейин канкор Бакиевдерден башка ага бир дагы саясатчы жаккан эмес. Өзү менен бирдей убакыттан бери эле саясатта жүргөн Өмүрбек Текебаевге деле таптакыр ичи чыкчу эмес.

Кайсы бир теледебаттардын биринде ал Текебаев менен чогуу чыгып калып, анын порновидеосу тууралуу да кыйытып согуп кеткенин жакшы билебиз. Ырас, анда Текебаев өзү ага сүйкөнүп алган, кайсы бир иштер боюнча “менин колумда видеоматериалдар да бар” деген эле ал. Ошондо Мадумаров: “Өзүңүздүн видеоматериалдар тууралуу билбейсизби?” деп жарга такаган.

Андан сырткары көрүнгөн жерде эле Текебаев жазган Конституциясы сынга алып басып жүрчү. “Бизге азыркы Конституция жарабайт, 1993-жылкыга кайтып барышыбыз керек” деп эле жүргөнүн көп укчубуз.

Мына ошентип жүргөн Адахан мырза эми Ө. Текебаевдин учурдагы абалына ичи ачышып калган экен. Ал маалымат булактарынын бирине “Жапаров, Талгарбеков, Текебаевдер акыйкатсыз камалды. Соттор — бир кишинин колундагы камчы. Эмнеге соттоп жатышканын өздөрү да билбейт”, — дептир ал.

Биринчиден, бул аттары аталгандарга карата конкреттүү беренелер боюнча кылмыш иштери козголуп, соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында темир тор артына кетишкен. Андыктан соттук процесстерге катышпай туруп эле сыртынан тон быча берүүгө Мадумаровго эч ким укук берген эмес.

Мындан сырткары Мадумаров бүгүнкү күндө абакта жатышкан Текебаев, Асанов, Талгарбековдордун абалына кыжаалат болуп аткандай түр жаратат. Таң калычтуу жагдай, Адахан мырзанын деги эле башка бир саясатчынын абалына кыжаалат болгонун көрөлек элек. Тескерисинче Текебаевди Конституциясына кошуп тепкилеп эле басып жүрчү эмес беле?

Булак: Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: