Ашхабаддагы ири базарлар менен дүкөндөрдө нандын саны жана түрлөрү азайып, баалары кескин жогорулады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлоодо.
Маалыматка караганда, шаардын дүкөндөрүндө бир ай мурда 1 манаттан сатылып жаткан нандын баасы учурда 5 манатка (1,4 доллар) жеткен. Мындан тышкары Ашхабадда азык-түлүктүн башка түрлөрүнүн баалары дагы жогорулап жатканы кабарланууда.
Түркмөнстан калкы былтыр жыл аягынан бери ун жана нан тартыштыгына кабылууда. Буга байланыштуу өлкө аймактарындагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында бийлик тарабынан белгиленген баада ун жана нан сатып алууну каалагандардын узун кезектери жаралууда.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ