Menu

Видео – Өзбекстанда суу сактагыч жарылып, 2 бир тууган сууга агып кетип каза болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-майдын таңында саат 05:30 чамасында Өзбекстандын Сырдарья облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын жана катуу шамалдын кесепетинен Сардоба суу сактагычынын дамбасы жарылып кеткен. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, бир нече калктуу конуштарды суу каптап, байланыш тармактарына жана айыл чарба жерлерине көп зыян келтирилген.

Ошондой эле, Сардоба суу сактагычына жакын жерде жашаган 70 миңге жакын адам коопсуз аймакка эвакуацияланган. Алар мектептерде, колледждерде, ишканаларда жайгаштырылып,  жабыркагандардын айрымдарын башка райондордун жашоочулары үйлөрүнө алып кетишкен.

Жизак облусунун ички иштер башкармалыгы Сырдарья облусу менен чектешкен жерди суу каптап, эки баланын каза болгонун билдирди. Ыкчам маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы кыз жана анын 9 жаштагы иниси көз жумган. Аларды суу агызып кеткен. Кыздын денесин окуядан бир нече саат өткөндөн кийин табышкан. Ал эми иниси эс-учун жоготкон абалда табылган, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Кырсыктан жабыркаган 56 адам ооруканага жаткырылган. Окуя болгон жерде миңдеген адамдар жана жүздөгөн техникалар иш алып барышууда. Ошондой эле кырсык болгон жерге Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев барган.  Ал жабыр тарткандардын бардыгына өзгөчө көңүл бурууну, турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылууну буюруган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: