Menu

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы беш жылда кандай өзгөрдү?

Бөлүшүү:

Быйыл Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тарыхка сиңип, өз ишин аягына чыгарат. Октябрда парламенттик шайлоо өтмөкчү. Беш жылдын аралыгында бул парламент кыйла эле өзгөрдү. Улам жаңы депуттардын келгени бардык алты фракцияга тең тиешелүү.

Эскерте кетсек, парламенттик бирикмелер курамын жаңылап, кээ бир депутаттар мыйзам чыгаруу органынан кетип жатышты: бири өз ыктыяры менен жылуу креслону калтырган болсо, кээ бири министрлик кызматты жылуу көрүп, бирине кылмыш иши козголуп, соттук отурумдардан бошой албай калды.

Спикерлер менен фракция лидерлери кантип алмашып жатты?

Алтынчы чакырылыштын депутаттары 2015-жылы ноябрда ант беришти. Азыркы президенттин иниси Асылбек Жээнбеков спикер болуп шайланды. Ал 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондо ордун бошотуп берди. Төрага ордун КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ээледи. 2017-жылы ал спикерликтен баш тартып, анын ордуна “Кыргызстан” партиясынан Дастан Жумабеков келди.

Фракция лидерлери да алмашып турду. Жогорку Кеңеште алты парламенттик бирикме бар: КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол” жана “Ата Мекен”.

Беш жылда бир гана “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир болдун” лидерлери – Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов өзгөрбөдү.

“РАЖ” фракциясында лидер үч жолу алмашты. “Кыргызстан” менен КСДП лидерлерин алмаштырганы тынч өтүп, ММКларда кеңери талкууланбады.

Канат Исаев (“Кыргызстан”) өз милдетин Алмазбек Баатырбековго 2016-жылы октябрда көпчүлүк коалиция бузулганда өткөрүп берди. Агезде К.Исаев Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду сындап чыкканы үчүн Ак үйгө жакпай калган.

Социал-демократтар фракция лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болгондо, бир добуштан Иса Өмүркуловду колдоп беришти. Ал кезде ал А.Атамбаев менен дос болуп, аны журт атасы атап жүргөн.

“РАЖ” фракциясында Өмүрбек Бабановдун фракция лидерлигинен кете тургандыгы президенттик шайлоодон кийин түшүнүктүү болуп калды. Фракцияда көшөгө артында аны кетирүү үчүн кол топтоло баштады. Өмүрбек Бабанов күтүп олтурбастан, өзү эле лидерликти тапшырып берди. 2018-жылдын январында депутаттык мандатын тапшырып, 2019-жылдын декабрында саясаттан кеткендигин жар салды.

Фракциянын лидери болуп Бабановдун жакын досу Руслан Казакбаев болуп калды. Бирок 2018-жыллы апрелде анын өз ыктыяры менен кетишин талап кылышып, Жыргалбек Турускуловду шайлап алышты. Кийин депутаттар айткандай, Казакбаев ордун бошоткусу келген эмес, бирок “РАЖ” коалицияга кирбей калуу коркунучу туулганда, кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңы жыл алдында “Ата Мекенде” ызы-чуу жаралды. Лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиялык билетин өткөрүп, партиянын эшигин “тарс” жаап чыгып кетти. Ал Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча соттолгондо фракцияны башкарып калган эле. А.Шыкмаматов Текебаевди колдогон митингдер менен акцияларды уюштуруп келген. А.Шыкмаматов менен Ө.Текебаевдин ортосунда түшүнбөстүктөр партия лидери түрмөдөн чыккандан кийин пайда болду.

Бош калган орунду Айсулуу Мамашова ээледи. Бирок депутат Сайдулла Нышанов Мамашованын легитимдүүлүгү жөнүндө маселе көтөрө баштады.

“Кыргызстан” фракциясы кантип жаңыланып турду?

5 жылдын аралыгында алтынчы чакырылыштагы бардык фракциялар курамын жаңылап келди. Бирок алдыңкы сапта “Кыргызстан” фракциясы:

Арзыбек Кожошев 2015-жылы экономика министри болуп, анын ордуна Салайдин Айдаров келди.

Канат Муратбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жетектеп, анын ордуна Таалайкүл Исакунова келди.

Таалайкүл Исакунова 2016-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп, анын ордун Алмазбек Эргешов басты.

Чолпон Султанбекова социалдык маселелер боюнча вице-премьер-миинстр болуп, анын ордуна Исламбек Сарсейитов келди.

Исламбек Сарсейитов 2018-жылы “Электр станциялары” ААКсынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалып, мандатты колуна Орозбек Алыбаев алды.

“Кыргызстан” фракциясынан чуулгандуу соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында Элмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова жана Урмат Ишенбеков чыгып калды. Алардын ордуна парламентке Урматбек Самаев, Алмазбек Токторов жана Айтмамат Назаров келди. Ошентип фракцияда бир дагы айым калбады. Бирок Айтмамат Назаров Улуттук энергохолдингдин башчысы болуп дайындалып, анын ордун Айнура Аскарова ээледи.

Беш жылдын аралыгында “Кыргызстан фракциясынан” эки депутат каза болду – Жыргалбек Калмаматов жана Нурланбек Макеев.

Биринчисинин ордунан Насыр Мусаев келип, бирок ден-соолугуна байланыштуу депутаттык мандатын тез эле тапшырып берди. Анын ордуна УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын мурдагы башчысы Бектен Сыдыгалиев келди.

Нурланбек Макеевдин ордун Жаныбек Исаев басты.

Алматы сотунун өкүмү менен аткезчилик боюнча 10 жылга кесилген Асылбек уулу Дамирбек БШКнын чечими менен мандатынан ажырап, анын ордуна Руслан Чойбеков келди.

КСДПдагы депутаттардын алмашуусу

КСДП фракциясында дагы кыйла өзгөрүүлөр болду:

Акылбек Султанов Улутук статистика комитетин жетектеп калды.

Ашера Халикова өз ыктыяры менен кетип калды.

Галина Скрипкина ЕАЭБдин Экономикалык сотунун соту болуп Белоруска иштегени кетти.

Тилектеш Исаев өз ыктыяры менен мандатын тапшырды.

Алардын ордун парламентте Альфия Самигуллина, Музаффар Исаков, Максат Эгембердиев жана Канатбек Керезбеков ээледи.

Депутаттык мандат Музаффар Исаковго түрмөдөн кутулууга жардам бере албады. Аны коррупция боюнча айыпташты. Ал Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп туруп, 315 жер тилкесин мыйзамсыз берген. Сотту күтпөй, өз ыктыяры менен кетип, ордун Өмүрбек Бакиров ээлеген.

Өз ыктыяры менен мандатын Мээрбек Мискенбаев да тапшырган. Ал парламентке апрель ыңкылабынын баатырларынын квотасы менен келип, анан Жогорку Кеңешти интригалардын ордосу атап кетип калган. Ал 2019-жылдын соңунда Кой-таш окуясы боюнча камакка алынды. Анын ордуна Нурмахаммат Баяхунов келип, тез эле кайра мандатын тапшырып, ордуна Аалы Карашев келди.

КСДПдан мамлкеттик кызматка кеткендер:

Искендер Кадыркулов “Түндүкэлектро” ААКсынын башкы директору болуп калды. Анын ордуна Айнура Осмонова келди.

Узарбек Жылкыбаев алгач Ысык-Көл облусун жетектеп, кийин Ош облусун жетектеди. Ордуна Аида Касымалиева келди.

Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп дайындалып, мандатты Ирина Карамушкина алды.

“Республика-Ата Журт” фракциясындагы өзгөрүүлөр

2018-жылы өз ыктыяры менен мандатын тапшырган фракция лидери Өмүрбек Бабановдун ордуна Адылбек Дүйшалиев келди.

Жыргалбек Сматов Орусиянын жараны эмес экендигин далилдей албай мандатын тапшырды. Анын ордуна Болотбек Ибраимжанов келди. Бирок 2018-жылы мамлекеттик миграция кызматына башчы болуп дайындалып, анын ордуна Тариел Жоробеков мандат алды.

Фархат Иминов да өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, ордун Марлен Маматалиев ээледи, ал мурдагы күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин уулу.

2017-жылы ноябрда депутат Улан Чолпонбаев каза болуп, ордуна Закир Шарипов келди.

Экс-министр Зарылбек Рысалиев «Кыргызжилкоммунэнерго» мамишканасын башчылыгына кеткен Нургазы Нишановдун ордун ээледи.

Эркектерден турган “Бир бол”

«Бир Бол»  катарында бир дагы айым жок жалгыз фракция.

2016-жылы Бакыт Есенбаева өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Анын ордун Бакирдин Субанбеков ээлеген.

Лунара Мамытова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалып, 2018-жылы чет өлкөгө чыкканы боюнча чуу болуп, ал кызматынан да кеткен. Ордун Улугбек Ормонов ээлеген. ЖКнын төртүнчү чакырылышында ал бакиевдик “Ак Жол” партиясынын фракциясын жетектеген.

“Адилет” укуктук клиниканын башчысы Чолпон Жакупова өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, ордуна Оштун спорт башкармалыгынын экс-башчысы Дүйшөн Төрөкулов келген.

Соттун чечими менен “Бир болдун” мүчөсү Игорь Чудинов мандатынан айрылган. Ал жерлерди мыйзамсыз тарнсформациялоого катыштыгы болуп, күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айыпка жыгылган. Мандатын Бишкек мэриясынын экономикалык өнүгүү башкармалыгынын экс-башчысы Бактыбек Турусбеков алган.

Кылмыш жоопкерчилигине депутат, кийин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тартылып, сыртынан 10 жылга кесилген. Бирок качып кетип, ага эл аралык издөө салынган. Анын ордуна Эрмамат Тагаев келген.

“Ата Мекендеги” жоготуулар

“Ата Мекен” фракциясынын эки депутаты козголгон кылмыш иштерден улам мандатынан айрылышкан:

Өмүрбек Текебаев партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бирдикте 2017-жылы соттолуп, 2019-жылы 21-августта жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иштери кайра каралмай болгон. Ө.Текебаевдин ордуна мандатты Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Искендер Гайпкулов алган.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, ал мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берген. Анын ордуна Боршайкомдун мурдагы башчысы Клара Кабилова келген. Ордун Абдимуктар Маматов ээлеген. Былтыркы жылдын соңунда мандатын Алмамбет Шыкмаматов тапшырып, ордуна Нурбек Сыдыгалиев келди.

Кебелбеген “Өнүгүү-Прогресс”

Жоготууга учурабаган жалгыз фракция ушул,  бирок аларда дагы чуулуу иштер болбой койбогон жок. 2017-жылы фракция катарынан Тазабек Икрамовду, Камчыбек Жолдошбаевди жана Алмаз Жутановду чыгарып салышты.

Фракция депутаты Тынчтык Шайназаровдун айтымында, бул депутаттар фракция ичин бөлүп-жарып, партия линиясын карманбай, Бакыт Төрөбаевге каршы иштерди кылышкан. Ошондуктан фракциядан чыгарылып, бирок депутаттык ордун сактап калышкан.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Булак: 24. kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: