Базар-Коргон районундагы «Ак-Тайлак ата» борбордук мечитинде атасынан жана энесинен ажыраган 52 баланын ар бирине 2 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлүп, жалпысы болуп 104 миң сомдук жардам берилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков тарабынан демилгеленген.
«Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Кимде-ким жесирди жана жетимди өз кепилдигине алган болсо, кыямат күнү ал мени менен чогуу болот»,- деп айткан. Андыктан ар бирибиз ата-энесинен ажыраган балдарга колдоо көрсөтүп, алардын көңүлдөрүн алып туруубуз керек»,-деди райхатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков.
Аталган кайрымдуулук иш чарасына «Итар» кайрымдуулук фонду жана «Жаркын жаштар келечеги» уюму демөөрчүлүк кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ