Menu

Reuters: Быйыл Сирияда 40 орусиялык аскер каза тапты

Бөлүшүү:

2017-жылдын башынан бери Сирияда кырктан кем эмес орусиялык аскер кызматкери жана жеке аскер адистери курман болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги каза болгондордун туугандары менен жакындарына, ошондой эле ачык айтылбаган расмий кызмат адамдарына шилтеме кылып билдирди.

Агенттик курман болгондордун арасында жеке аскердик компаниялардын 21 жоокери, 17 кадрдык аскер кызматкери жана макамы аныкталбаган эки орусиялык бар экенин белгиледи. Reuters быйыл Орусиянын жоготуулары салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн жазды. Орусиянын Сириядагы согуштук кампаниясы башталган 15 айдын ичинде кеминде 36 орус жараны каза болгон.

Басылманын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышып жаткан бөлүктөрдүн командирлери курман болгон адамдардын туугандарын бул боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбоону талап кылышат. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы болгону 10 орусиялык жоокер каза болгон. Reuters сандардын мындай айырмачылыгын Орусия согушка жеке аскердик компаниялардын жоокерлеринин катышып жатканын мойунга алуудан баш тартып жаткандыгы жана өлкөдө президенттик шайлоонун жакындап калгандыгы менен түшүндүрүүдө.

Сириядагы Орусиянын аскердик кампаниясы 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Москва орусиялык аскерлердин жердеги операцияларга катышып жатканын бир канча жолу четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: