Казакстан орусиялык депутаттын “дүйнө жүзүндө, анын ичинде Казакстанда жашаган мекендештердин укуктарын коргоо зарыл” деген пикирине кабатырланууда.
Орусиялык ММКлар 27-январда Мамлекеттик думанын депутаты Павел Шперовдун чет өлкөлөрдө, анын ичинде Казакстанда жашаган орустарды диаспора деп атоо саясий жактан ката деп айтканын жазып чыгышкан. Маалыматтарга караганда, Шперов мекендештери турган жерлер Орусиянын убактылуу тарттырып жиберген жерлери экенин, чек ара түбөлүктүү эместигин жана Орусия жакын аралыкта мамлекеттик чек арасына кайта турганын билдирген.
Буга байланыштуу Казакстан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтара Тлеуберди 1-февралда орусиялык кесиптеши Григорий Карасин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу достук мамилелерди талкуулады.
ТИМ орусиялык депутаттын Казакстан аймагы тууралуу дооматына өтө тынчсызданып жатканын билдирди.
Бул арада “Интерфакс” Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкийге шилтеме берип, Москва эч качан Казакстандын жерлерин Орусиянын көзмөлүнө алуу маселесин көтөрбөгөнүн билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ