Бүгүн, 7-октябрда партиялардын өкүлдөрү өкмөт үйүнө чогулуп, премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерлерди талкуулап жатышат.
Кечки саат 18:00дө өкмөт үйүнө “Чоң казат”, “Ата Мекен”, “Ыйман Нуру”, “Замандаш”, “Ордо”, “Мекен Ынтымагы” жана “Реформа” партияларынын өкүлдөрү чогулушту. “Республика” менен “Бир Бол” партияларынын өкүлдөрүн күтүп жатышат.
Чогулгандардын ортосунда техникалык премьер-министрди кайсы принцип менен шайлаш керек жана парламент депутаттарын кантип чогултуу керек боюнча талаш-тартыштар башталды.
“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Мыктыбек Абдылдаевди спикерликке калтырууну, ошондой эле премьер-министрдин кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн унутпоону сунуштады.
Белгилүү болгондой, ар бир партия өзүнүн талапкерлигин премьер-министрликке сунуштай алат.
Дастан Бекешев эгерде Абдылдаев спикер катары таанылса, анда ал башка чечимдердин бардыгын мыйзамдуу деп табыларын белгиледи.
Ушул учурда калың эл Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылып жатышат. Айрымдар эшикти талкалоого аракет кылышса, башкалары терезелерди сындырууга аракет көрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ