Кечээ, 7-октябрда кечинде Тилек Матраимов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болду. Маалымат УКМКнын басма сөз борборунан тастыкталды.
Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп жатканда (дарыя аркылуу) Өзбекстандын чек арачылары Тилек Матраимовду, анын уулун, жээнин жана жеке күзөтчүсүн кармашкан.
Бүгүн, мессенджерлер Райымбектин бир тууган агасы Матраимовдун кармалышы фейк деген маалымат таркатууда.
УКМКнын пресс-борбору бул ушактарды четке какты.
«Тилек Матраимов жана анын туугандары чындыгында чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Азыр кесиптештер бардык зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзүп жатышат», – деп билдирди пресс борбордон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ