6 жаштагы баланын энеси Эркайым Асанбаева күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазгысы келет. Бул тууралуу анын адвокаты Шердор Абдыкапаров “24.kg” агенттигине билдирди.
Өгөй уулун сабаган 33 жаштагы жаран кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Адвокаттын айтымында, баланын энеси бул жөнүндө билгенден кийин, тосмо арыз жазгысы келет.
«Мен Рамазандын апасы Эркайымдын ишенимдүү адамымын. Эркайым күйөөсүнүн камакка алынганын угуп, тосмо арыз жазып, уулун сабаган күйөөсүн кечиргиси келет. Мен өз жумушумду талаптагыдай аткардым, тилекке каршы, ал бардыгын чечет, бул чечим акыркы жана аны Эркайым, баланын энеси кабыл алган», – деди жактоочу.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында, үйүндө жүргөндө, 2014-жылы туулган жашы жете элек уулуна ден-соолукка негизсиз зыян келтирген. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси боюнча катталды. Андан ары, иштин материалдары аймактык жактан Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ