Menu

Максат ЧОЙБЕКОВ, Токмок ШИИББ башчысы, милициянын полковниги: “ОПГнын 8 мүчөсүн камап койдум”

Бөлүшүү:

Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону менен шаарларга бай өлкө. Кең Сары-Өзөн Чүй боорунда эле төрт шаар жайгашкан. Алардын бири Токмок шаары. Токмок коомчулукка бир гана өндүрүштүк жактан өсүүсү менен эле эмес, тамыры тереңге кеткен тарыхы менен да белгилүү. Андыктан, Токмок шаардык милициясына сапар алып, коомдук, саясый абал, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатындагы иш-чаралар туурасында маалымат алдык. Суроолорубузга Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Чойбеков Максат Турсунбекович жооп узатты.

 — Максат мырза, коомчулуктун бүйүрүн кызытып жүргөн Токмок шаары эмнеден улам криминалдуу шаар аталып калган?

— Токмок калаасына “криминалдуу шаар” деген аталыш тээ союз учурунда берилген. Ошол учурда эле шаарда кѳп улуттун эли жашагандыктан, ар кандай кылмыштуу топтор да орун-очок алып, Токмок шаарын кооптуу абалга жеткизгени бар. Билсеңер, ушу тапта кримавторитет болуп жүргөн чечен улутундагы Азиз Батукаев ушул жерде тѳрѳлүп, чоңойгон. Негизинен мына ошол Батукаевдин иш-аракетинин негизинде шаарда уюшулган кылмыштуу топтор пайда болгон. Ошондон улам “Токмок криминалдуу” деп айтылып калган. Бирок акыркы он жылдын статистикасын алып караганда, Токмокту криминалдуу шаарларга кошсок жаңылышабыз. Албетте, уурулук, тоноочулук, бейбаштык боюнча кылмыштар жагдайга жараша болуп турат. Аны таптакыр жоюп салуу мүмкүн эмес. Анткени ал элдин арасындагы саясый, экономикалык кырдаалга жана жергиликтүү милициянын алдын алуу иштерин кандай деңгээлде алып барып жатканына жараша болот. Эгер алдын алуу, түшүндүрүү иштери кѳп болсо, кылмыш азаят. Учурда Токмокто коомдук, саясый жана криминогендик абал тынч, өздүк курам өз кызматын жогорку деңгээлде өтөп келе жатат. Тогуз ай аралыгында 124 кишиден турган өздүк курамдын кызматтык көрсөткүчү былтыркыга караганда көп багыттар боюнча жогору болгон. Шаардык ички иштер бөлүмү асыресе уюшкан кылмыштуулук, экстремизм, терроризм багытында, баңгизатты жоюу, миграция, коррупция, башкача айтканда, мамлекеттик тармактарда мыйзамдуулуктун жогору болушун камсыз кылуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүшкөн. Анүстүнө Токмок шаарынын тарыхын алып караганда, көп улуттуу шаарлардын бири болуп, 17 улуттун диаспорасы катталган. Шаардык ички иштер бөлүмү ошол диаспоралар менен биргеликте иштешип келебиз.

Учурда диний маселе эң көйгөйлүү болуп жаткандыктан, Токмокто дагы бул жаатта айрым маселелер жок эмес. Андыктан, шаардын аймагындагы 17 мечит ички иштер бөлүмүнүн көзөмөлүндө болуп, милиция кызматкерлери муфтий, имамдар менен дайыма иш жүргүзүп келишет. Арийне, бул жаатта жалгыз гана ички иштер бөлүмү эле эмес, шаардык прокуратура, мэриянын активдери менен биргеликте иш-чараларды өткөрөбүз. Баса белгилөөчү жагдай, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн дагы бир жакшы жетишкендиги тууралуу айта кетпесек болбос. Алар ушул жылдын сегиз айынын ичинде аялдардын диний экстремизм жаатындагы ячейкасынын айланасында маселе көтөрүп чыгып, Кылмыш-жаза кодексине ылайыкташкан. Мындай жагдай диний маселе боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти жогорку деңгээлде алып барууга өбөлгө түзгөн. Анын негизинде ушул жылы экстремизмге шектелген төрт аял кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы адабияттар, дисктер чыккан. Мындан сырткары, Токмок шаарында Сирияга кеткен жарандар дагы катталууда. Токмоктун беш тургуну Россияга иштегени кетип, андан ары Түркия аркылуу Сирияга кеткен фактылар аныкталып, азыркы күндө алар тууралуу ыкчам маалымат түшүп, бирөөсү согуш учурунда каза болгондугу кабарланды. Ошондой эле тыюу салынган диний агымдарда катталган 18 адам бар. Алар учурда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн көзөмөлүндө жана аларды туура жолго багыттоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп келет. Ички иштер кызматкерлеринин мындай аракеттеринен улам диний экстремизм, терроризм багытында кооптонуулар жокко эсе деп айтсак жаңылышпайбыз.

— Токмок шаарында кримогендик абал өкүм сүргөндүктөн, оор жана өзгөчө оор кылмыштар көп катталганын танасызбы?

— Башында айттым го, биздин Токмок шаарын криминалдык шаарларга кошуу жаңылыш көз караш экенин. Ал эми шаарда быйыл былтыркы жылга караганда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын катталышы басымдуу болгон. Асыресе киши өлтүрүү фактысы, каракчылык, тоноочулук көп катталган. Бирок өздүк курамдын убагында ишти жакшы багытта алып баргандыгынын негизинде ал кылмыштардын дээрлик көбү изи сууй электе ачылган. Мен шаардык ИИББ башына келгенден бери Токмокто уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү кармалып, жазага тартылса, ал эми кылмыш иликтөө багытынын 60-70 пайызын түзгөн уурулук, анан калса, батир уурулукту азайтуу үчүн дагы көп аракеттер көрүлүүдө. Мындан сырткары, дагы бир айта кетчү нерсе, иштин алдыга жылышы үчүн кызматкерлердин социалдык абалы дагы канааттандырарлык болушу керек. Бул жаатта дагы иш алып барылып, министрликтин колдоосу менен беш кабат, 40 батирлүү үйдүн курулушун жүргүзүп, буюрса ушул жылдын декабрь айында бүтүрүп, кызматкерлер жаңы жылды жаңы үйдө тособуз деп кубанып турган чактары. Дагы бир жакшы саамалык, Токмоктун ири ишкерлеринин колдоосу менен ШИИБнин имаратынын артына кичи футболдук аянт куруп, табигый жашыл майсаң өстүрүп, кызматкерлердин ден соолугуна, иштешине жакшы шарт түзүп бергенге жетиштик. Ошондой эле ОБСЕнин программасы аркылуу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайын дагы мыкты деңгээлде оңдотуп алганга жетиштик. Азырынча анча-мынча кемчиликтерди эске албаганда, буюрса бизде баары жетиштүү. Болгону кызматтык кесипкөйлүктү, асыресе өздүк курамдын журт сүйөрлүк (патриоттук) сезимин көтөрүп, өз ишин чоң жоопкерчилик менен аткарса, бардык ийгиликти багындырабыз. Министрдин “форманы кийген ар бир кызматкер кылмыш ачыш керек” деген талабы бар. Мен дагы ошол талапты колдойм. Анткени милиция кызматкери форма кийип көчөдө жүрүүсүнүн өзү эле кылмышты алдын алуу иш-чарасына барабар. Андыктан, эл милицияга карап түзөлөт, милицияга карап оңдонот. Биз биринчи мыйзамды сыйлап, сөзүбүз, жасаган ишибиз менен элге үлгү болушубуз керек.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: