Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика жекшембиде өз мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары кабарлашты. 82 жаштагы президент эки аптадан бери Швейцарияда дарыяланып жаткан учурда Алжирде оппозиция массалык нааразылык акцияларын уюштурган.
Он миңдеген адам көчөгө чыгып, 20 жылдан бери мамлекетти башкарып келген Бутефликанын кайрадан шайлоого катышуусуна каршы чыккан. 8-мартта өткөн нааразылык акцияларына миллионго жакын адам катышканы кабарланды.
Бул акциялардын алдында Бутефликанын атынан кайрылуу таратылып, ал тынч акцияларды тополоңго айлантпоого чакырган. Буга карабай демонстрациялар 10-мартта уланды.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ