Бишкектеги Ленин райондук соту депутат Кубанычбек Жумалиевдин экс-прокурор, “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевге каршы жазган доо арызын карап жатат.
Депутаттын кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашевдин айтымында, сотто Жапыкеевдин өкүлү компетенттүү мамлекеттик органдардан Кубанычбек Жумалиевдин туугандарынын жеке маалыматтарын берүүнү өтүндү.
“Тактап айтканда, ал Жумалиевдин ата-энеси, инилери, бир туугандары, ошондой эле анын жубайы Роза Аманованын дагы туулган жылдары тууралуу сурады. Мен каршылык билдирип жатам, анткени Жумалиев өзүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын коргогону үчүн, менин кардарымдын үй-бүлө мүчөлөрү бул ишке тиешеси жок. Натыйжада Саймык Жапыкеевдин өкүлү арызды кайтарып алган ”,- Бактыбек Жумашев.
Эскерте кетсек, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев социалдык тармактарга видео билдирүү жарыялап, анда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 2,5 миллиард доллар байлыгын күмөндүү жол менен тапканын айткан. Ошондой эле ал башка саясатчылардын мүлкү тууралуу айтып, мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырган видеону тараткан.
Кубанычбек Жумалиев бул айыптоолорду четке кагып, шектүү иштерге катышкан жок экенин айтып Куран кармап ант берген. Ал экс-прокурорду 10 миллион сом доо менен сотко берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ