Ош облусунун Араван районунун тургуну 18 жаштагы Орозгүл Алибаева дайынсыз жоголду. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыз 22-июлда саат 20:00 чамасында Гүлбахар айылындагы үйдөн чыгып кеткен жана андан бери үйүнө келе элек.
Туугандары Орозгүлдү 2-3 күн издеп, милицияга кайрылышкан.
Кийген кийимдери: ак футболка, жайкы кара шым.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы, көзү кара.
Орозгүл Алибаеванын жүргөн жери жөнүндө маалыматы бар адамдар төмөнкү номерлерге кайрыла алышат: 0777 38 44 55, 0550 38 44 55.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ