Menu

Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус табылды, 3 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 82, Чүй облусунан – 33, Ош шаарынан – 25, Ош облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 8, Талас облусунан – 19, Нарын облусунан – 6 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3356га жетти.  Алар:

– Жалал-Абад облусунда — 233 адам;

– Ош облусунда — 342  адам;

– Ош шаарында — 362 адам;

– Бишкек шаарында— 1148 адам;

– Нарын облусунда — 450 адам;

– Чүй облусунда — 445 адам,

– Баткен облусунда — 43 адам;

– Талас облусунда –  33 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 60 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 10 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2021ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 3 адам; Чүй облусунан – 1 адам, Ош шаарынан – 1 адам; Талас  облусунан – 3 адам, Нарын облусунан – 2.

Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, өткөн суткада 3 бейтап каза болгон.

“Кыргыз-түрк ооруканасынан 1952-жылы төрөлгөн аял киши, Талас аймактык ооруканасынан 1952-жылы туулган эркек киши, Нокен аймактык ооруканасынан 1960-жылы туулган аял. Туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз” – деп билдирди министр.

Илдеттен улам каза болгондордун саны 40ка жетти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: