Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин айтымында, Украинанын чыгышындагы ок атышпоо режими сакталып жаткандай көрүнөт.
«Азырынча бул туурасында айтуу эрте, бирок ЕККУнун байкоочулары берген маалымат мени кубандырды. Бул саясий эрк болсо тараптар абалды көзөмөлдөй алат дегенденди билдирет», – деди министр Украинанын чыгышындагы өкмөт көзөмөлдөгөн Краматорск шаарындагы сапары учурунда.
Украина коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузанюк кечээ түндөн бери жикчилдер алты жолу жарашуу тартиптерин бузагын маалымдады. Көтөрүлүшчүлөрдүн өкүлдөрү болсо элдик кошуун ок атууга дуушар болгонун баса белгилөөдө. 14-сентябрда Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил лидерлер ок атышууну бир тараптуу токтотконун жарыялашкан.
Буга чейин жаатташкан тараптар 1-сентябрь окуу жылынын башталышына карата чатакташууну токтотууга макулдашкан. 2014-жылдын апрелинен бери Украинадагы жаңжал учурунда 9600дөн ашуун адам курман болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ