Тогуз-Торо РИИБге Кара-Суу айылынын 32 жаштагы О.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 19-ноябрь күнү жабырлануучу (аял киши) кайнежесинин үйүнө кеткен учурда, белгисиз адам арыздануучунун үйүнүн эшигин бузуп кирип 244 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген. Бул турасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Окуя болгон жерге Тогуз-Торо РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барышкан. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, уурдоого тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Натыйжасында 9-декабрь күнү кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 1995-ж.т. К.К. аттуу тургуну кармалып, Тогуз-Торо РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ