Menu

Кундуз Жолдубаева: “Бизге кысым көрсөтө беришсе, Атамбаевдин кыжырына тийип алуу коркунучу бар”

Бөлүшүү:

– 17-мартта «Медиа Форумда» эл чогулуп, Аксыда курман болгондорго куран окутулары туурасында кабарыбыз бар. Айрым маалыматтар боюнча элдин агымы көп келе турганы, бийликке каршы ачуу сөздөр айтылары кабарланууда. Бул кандайдыр бир толкундоолорго даярдык эмеспи?

– Бул иш-чара «Форумда» салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп турат. Муну эскерүү жыйыны катары айтсак болот. 17-мартта Аксы окуясында каза болгон 6 адамдын элесине куран окутулуп, бир жылкы союлат. Быйыл ошол каргашалуу окуяга туура 17 жыл толот экен. Биз үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун курмандыктарын унутууга акыбыз жок. Эмне үчүн? Анткени кыргыз эли эркиндикти сүйгөн калк, тизе бүгүп, бирөөнүн камчысы астында жашаганды каалабайт. Эскерүү жыйынына канча адам келип катышарын азырынча айтуу кыйын. Мүмкүнчүлүгү барлар, каалагандардын баары эле келип катыша алат. Башка маселе – бизге жеткен маалыматгарга ылайык, бийлик бул иш-чарадан чочулап жатыптыр. Айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди чогултуп, чай берип, «17-марттагы боло турган чогулушка барбагыла» деп үндөп да жатыптыр. «Бийлик эмнеден коркууда?» деген суроо туулат. Бийлик бир гана нерседен коркот: нааразы болгон жарандар өз ойлорун ачык билдирип, бийликтин дарегине ачуу сын айтат, ошондон коркот. Эч кандай демилгеси жок, өлкө үчүн көзгө көрүнгөн бир иш жасай албай отурган бийлик чындыкты уккандан коркот. Андай сынды айтканга ар кимдин акысы бар. Биз жоопкерчиликти толук моюнга алуу менен айтар элек: «Форумда» өтө турган иш-чара элдин тынчтыгын бузуп, кырдаалды курчута турган эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбайт. Бирок, өлкөдөгү бүгүнкү абал туурасында ачуу чындык сөзсүз айтылат.

– Жарым жылдан ашык убакыттан бери «Атамбаевсиз КСДП» урааны угула калып, региондордо жыйындар болуп келет. Бул кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахмановдун КСДПны тартып алууга кандайдыр бир негиздери барбы? Мыйзамдуу жагынан бул иш-аракеттерге кандай баа берсек болот?

– Ачык эле айтыш керек, бүгүн КСДПны рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттери жүрүүдө. Атайын кыймыл түзүлүп, коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу максаттарын ишке ашырышууда. Мен башынан эле айтып келе жатам, бул оюнда Сагынбек Абдрахманов кичинекей эле фигура. Анын артында бийлик менен тыгыз байланышкан чоң күчтөр турат. Айрым саясый кеңештин мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүү аракеттери жасалууда. Болгондо да бул ыплас көрүнүштөргө президенттик аппараттын тиешеси болуп жатканын бүгүн ачык айтышыбыз абзел. Эң өкүнүчтүүсү, бул буйрукту аткарып жаткандар мурда өзүлөрү «Форумда» иштеп кеткен адамдар. Албетте, алардын артында ошол эле КСДПдан чыккан ири чиновниктер, депутаттар турат. Бирок бул аракетгердин баары мыйзамсыз! Партиянын юстиция министрлигинен каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, мөөрү жана башка баардык мыйзамдуу документтер биздин колдо. Соттошо турган болсок, албетте, биз утабыз, эгерде адилеттүү сот болсо. Андай болоруна көзүбүз жетпейт. Бирок биз унчукпай, кол куушуруп отуруп калбайбыз. Эл аралык Социнтерндин мүчөсү, дагы башка уюмдарга кирет жана эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар башка саясый партиялар, бирикмелер менен келишими бар. Кыргыз коомчулугу деле мындай кырдаалда унчукпай отуруп калбайт да. Катардагы партиялаштар да күрөшсүз карап отурушпайт. 40 миңден ашык мүчөсү, 25 жылдык тарыхы жана айкын, так идеологиясы бар КСДПны жок кылышса, анда бул бийлик анык бузуку-бүлдүргүч атка конот.

– 6-апрелде КСДПнын съезди өтө турганын билебиз. Ага чейин Атамбаевдин айланасын тазалоо иштери курчуп, жыйын үзгүлтүккө учурап калбайбы? Негизи эле съездге даярдык кандай жүрүүдө?

– Даярдыктар эң жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Атайын уюштуруу комитети түзүлүп, жигердүү иштешүүдө. Съезд 6-апрель күнү өтөт. Башка маселе, сиз туура айттыңыз, үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин сөзсүз жасашат. Жер-жерлерде партиялашштарга «съездге барбагыла» деген кысым көрсөтүүлөр, алтургай коркутуп-үркүтүүлөр болушу толук мүмкүн. Биз муну билип эле турабыз. Мындай кысымды КСДП биринчи жолу башынан өткөрүп жаткан жок. Оппозициячыл партия болуп туруп КДСП убагында эки режимдин кулашына чоң салымын кошкон. Бул эч ким тана албай турган факт. Кысым көрсөтүү менен тескерисинче, партиялаштардын жана партиянын лидери Атамбаевдин кыжырына гана тийип алуу коркунучу бар. Анткени чындык биз тарапта, учурда өлкө кандай коркунучка кептелип турганын жакшы түшүнгөн, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган прогрессивдүү күчтөрдүн колдоосун сезип турабыз. Бул бизге күч-кайрат берет. Ушуну Акүй-Көкүйдөгүлөр эске алышса.

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: