Menu

Фото – Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-ноябрда, Ош облусуна иш сапарынын алкагында жалпы аянты 1000 чарчы метр келген, Ош шаарындагы аскер шаарчасында жайгашкан дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Ош шаарынын тургундарын дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылышы менен куттуктап, Кыргызстанда социалдык программаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырып жаткан “Газпром” компаниясына  ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматчылары үчүн курулган турак үйдүн ачылышында адамдар ушул шаарчанын аймагында спорт комплексин куруу өтүнүчү менен кайрылышканын эске салды. «Өлкөнүн газ транспорт системасын өнүктүрүүнү инвестициялоо менен эле чектелбестен, ушул сыяктуу социалдык программаларды да жүзөгө ашырып жаткан «Газпром» компаниясына чоң рахмат. Анын алкагында өлкө аймагында ушул сыяктуу 16 дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекстери курулат.  Бүгүн ачылып жаткан комплекс ошолордун бири», – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кезинде «Кыргызгазды» россиялык «Газпромго» сатуу жөнүндө чечимдин туура болгонун белгиледи. Мына ошонун натыйжасында калкты газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзүлдү.

Президент ошондой эле мамлекеттин коргонуу жөндөмүн арттырууга өбөлгө болгон Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун натыйжалары тууралуу да айтып берди. «Азыр биз заманбап техникалар жана курал-жарактар менен камсыз болгон күчтүү аскерибиз бар деп айта алабыз. Акыркы аскерге чакыруу биздин ар бир үчүнчү аскерге чакырылуучулар жогорку билимдүү экенин көрсөттү. Бул мурдагыдан таптакыр башка аскер. Мындан 5-6 эле жылдар мурда аскерге кызмат өтөөдөн кача албагандар гана чакырылышчу. Бул өз убагында башталган аскер реформасынын, кабыл алынган туура мыйзамдардын жана чечимдердин оң натыйжасы», – деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жөнүндө маселеге кайрылды.

«Өткөн жылы азыркы Конституцияны өзгөртүүнү сунуш кылышкан Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын  демилгесине каршы чыккам. Анткени анда олуттуу эч нерсе жок эле, косметикалык оңдоолор гана болчу. Ал эми азыр болсо биз өлкө көз карандысыздыгын коргоп, көп тармактарда реформаларды жүргүзүүгө өбөлгө боло турган өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатабыз», – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген соң 1-январдан баштап күч структураларын толук реформалоону жүргүзө алабыз. «Алар ишкерлердин жана чиновниктердин ишине тоскоол болбой тургандай кылабыз. Азыр силер билгендей, бизнесмендер жана аймактык мамлекеттик органдардын кызматкерлери күч органдары тарабынан көп текшерилет. 1-январдан баштап, мамлекеттик органдарды Эсеп палатасы, ишкерлерди – салык кызматы гана текшере алат. Эгерде бизнес зарыл салыктарды төлөбөсө, анда иш финансы полициясына өтөт. Башкалар баары өз иштери менен алек болушат. ИИМ коомдук коопсуздукту камсыз кылып, криминалга жана маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшөт. Прокуратура органдары жана УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат чиновниктердин, депутаттардын жана судьялардын уурулугуна каршы күрөшөт. Өлкөдө тартип болот», – деди Алмазбек Атамбаев.

Спорт комплекстин ачылыш аземине ошондой эле «Газпром» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун Виталий Маркелов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кыдырбаев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: