Menu

Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Тоноочу” рейдинин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган 9 факты катталды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

14-декабрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө 51 жаштагы А.С. аттуу Шераалы айылынын тургуну жанына “ИЖ-16” үлгүсүндөгү стволу кыркылган сайсыз ок атуучу куралын жана “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралын мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалган.

Ушуга эле катар, милиция кызматкерлери Баткен районунун Орто-Боз айылында 45 жаштагы К. Ш. аттуу Үч-Дөбө айылынын тургуну кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы табылган. Териштирүү учурунда алынган ок атуучу куралдын эч кандай документтери жок болуп чыгып, мыйзамсыз көтөрүп жүргөнү аныкталган.

Ошондой эле, Түп районунун аймагына милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүшүп, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныкташкан. Корумду айылынан Каракол шаарынын 43 жаштагы Р.К. аттуу жашоочусу тиешелүү документтери жок “ТОЗ-66” үлгүсүндөгү 12-калибрдеги ок атуучу куралын жанына алып жүргөн жеринен алынган. Ал эми 53 жаштагы Р.Ж. аттуу Кең-Суу айылынын тургунунун үйүн соттун чечими менен текшерүү учурунда тиешелүү документери жок “ИЖ-16” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу курал табылып алынган. Корумду айылынан 43 жаштагы Р.К. аттуу Каракол шаарынын жашоочусунан тиешелүү документтери жок “ТОЗ-66” үлгүсүндөгү 12-калибрдеги ок атуучу курал табылган.

Талды-Суу айылынан Каракол шаарынын Пржевальский көчөсүнүн 48 жаштагы А.А. аттуу тургунунан мыйзамсыз сакталган “ТОЗ-25” үлгүсүндөгү 12-калибрдеги ок атуучу курал табылган. Кең-Суу айылынын 53 жаштагы Р.Ж. аттуу тургунунун үйүнѳн мыйзамсыз сакталган “ИЖ-16” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу курал табылып алынган. 41 жаштагы З.Т. аттуу Кош-Дѳбѳ айылынын жашоочусунун үйүнѳн тиешелүү документтери жок “ИЖ-16” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу курал табылган. Байзак айылынын 48 жаштагы Т.К. аттуу тургунунун үйүнѳн “ИЖ-17” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу курал алынган. Тергөө учурунда алынган ок атуучу куралдын документтери жок болуп чыккан. Талды-Суу айылынын 59 жаштагы Б.К. аттуу жашоочусунун үйүнѳн тиешелүү документтери жок “ИЖ-16” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу курал табылып алынган.

Алынган ок атуучу куралдар соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: