Тажикстан бийлиги ооган аткезчилери туткунга алган 55 жаштагы жаранды бошотуу боюнча Кабул менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу 19-сентябрда Тажикстан ИИМиндеги өз булак билдирди.
ИИМдин Хатлон облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери, подполковник Тоджидин Насриддинзодага таандык балык көлмөсүнүн кароолчусу Хабиб Карахонов ооган аткезчилери тарабынан үч күн мурун барымтага алынган. Ал күнү Карахонов иште болгон.
Подполковник Тоджиддин Насриддинзода кызматынан четтетилди.
Маалыматтарга караганда, барымтадагы киши Ооганстандын Тахор провинциясында кармалып турат. Аткезчилер Хабиб Карахоновдун туугандарына телефон чалышып, бирок эч кандай талап коюшкан эмес. Тажикстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалы комиссия түзүп, ооган кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Буга чейин Тажикстандын чек арачылары Хамадони аймагында ооган аткезчилери менен кагылышканы кабарланган. Окуя болгон жерден 13 килограмм апийим, курал-жарактар табылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ