7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо мыйзамсыз болгондугун, мыйзам бузуу фактысы катталганын айтып доомат арткан «экстин» адвокаты Сергей Слесарев сотко арыз жазган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-августта арызды карап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Эми булар кайсы жакка, дагы эмне деп даттанар экен? Эсиңиздерге сала кетсек, Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо жөнүндө чечим кабыл алган. Кармоо учурунда бир жоокер шейит кеткен. Башкы прокуратура Атамбаевге ондон ашык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып койду.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ