Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкектин ресурстары менен жол тыгындарын кантип жоюу керек?

Бөлүшүү:

 «Шаарда кесилиш жолдорду куруу боюнча сунуштар көптөн бери айтылып жүрөт. Балким, финансылык мүмкүнчүлүгүбүз жетишсе ал деле керектир, бирок, мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ири өлчөмдөгү каражат сарпталат», – деп билдирди БШКне  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Рысбай Аматов.

 Анын айтымында, СССР убагында борборубузда шаардын  ички жана кварталдар арасындагы жолдордун жакшы схемасы түзүлгөн. «Бирок, ал схема азыркы кездеги адамдар менен автоунаанын агымына эсептелген эмес. Автоунаалар көбөйгөн сайын, орун аз, жол жээгиндеги токтотулган автоунаалар дагы кошумча маселелерди жаратат», – дейт Рысбай Аматов.

 Ушуга байланыштуу, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы өзүнүн «Натыйжа көрсөтөбүз!»  платформасында шаар ичинде көп деңгээлдүү парковкаларды куруу идеясын көтөргөн. Алгачкы курулушту мурунку Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна баштоо сунушун дагы берген. Өткөн жумада шаар бийлиги жакында мындай парковкалардын курулушу башталаарын кабарлады. 

 «Жол жээгинде турган автоунаалар алынса, ал  жолдордогу ылдамдык дагы жогорулайт эле. Ушундай эле эффектти Рыскулов, Иваницын ж.б.у.с. борбордук жардамчы көчөлөрдү оңдоп-түзөө менен алсак болот. Азыр бул көчөлөрдүн начар абалынан улам айдоочулар качышат, эгер оңдолсо аларга дагы машина агымы кетип, борбордук трассалардагы агым азаймак», – деп түшүндүрөт Рысбай Аматов.

   Талапкердин көз карашында, шаар жолдорундагы абалды оңдоо үчүн бул иш-чаралар жетиштүү. Эгер шаар бийлиги жер алдындагы конструкцияларды кургусу келсе, аларды автоунаалар үчүн эмес, жөө адамдар үчүн куруу зарыл. «Жөө адамдар үчүн жер алдындагы өтмөктөр,  жол кырсыктары өсүп жаткан азыркы учурда коопсуздук үчүн абдан актуалдуу болмок. Түз эфирдеги теледебаттарда мен инвесторлорду пайдалуу сунуштар аркылуу – ошол өтмөктөрдө рекламалык экрандарды орнотуу менен бул долбоорго кызыктырууну сунуштадым. БШКнин курамында, аталган долбоорду ишке ашыраарыбызга ишенем», – деп жыйынтыктады  Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: