Өмүрбек Бабановдон “оозу күйгөн” Камчыбек Ташиев тээ ала-жазда Ош шаардык кеңешине карай “Ата Журт” партиясын өзү октоп, жарышка салганы менен Адахан Мадумаров, Ахмат Келдибеков, Мелис Мырзакматовдун командасы жөлөп-таяганына карабай тыңгылыктуу жеңишти камсыз кыла албай койгон. Туура эки ай мурун биздин гезитке берген маегинде партиянын тең-төрагасы Нурлан Шакиев жергиликтүү кеңештерге карай кызуу камылга менен чыгышаарын, катуу даярданып жатышканын билдирген эле. Таңгаласың, өзүнүн кичи мекениндеги жарыштан жеңишти камсыз кыла албаган Камчыке Бишкектен келип мөөрөй алуусу кыйын да. Ток этери, бүгүн Ташиев саясатта ташыркап турат…
Ийгилик Болсунбаев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ