Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын катчылык башчысы Улугбек Султанов менен анын жардамчысы Мубашшир Ахмад 10-апрелде ээлеген кызматынан бошотолду.
10-апрелде Ташкент шаарындагы “Тынчтык” жана “Домбиробод” мечитинин имам-хатиби Шермурод Тогай иштен алынганы кабарланган.
Өзбекстан дин башкармалыгы катчылыктын башчысы Улугбек Султанов менен анын жардамчысы Мубашшир Ахмаддын бошотулушунда саясий өңүт жок экенин билдирди.
Ташкенттик имамдардын биринин айтымында, Улугбек Султанов муфтияттын позициясына каршы социалдык түйүндөрдө жарыяланган билдирүүлөргө каяша кылбай, кайдыгер мамиле жасаган деп айтыпталууда.
Мубашшир Ахмад болсо иштен кеткенине капа болбогонун билдирди. Ал сакал өстүрүү жана хиджап кийүү, мектепте кыздар менен балдарды өз-өзүнчө окутуу боюнча талаш-тартыштуу макалалар жарыяланып турган Azon.uz, сайтынын негиздөөчүсү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ