Menu

Тажикстанда уюк компаниялардын кирешеси азайды

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы өткөн жылдын жыйынтыгы менен интернет-провайдерлер жана уюк компаниялардын кирешеси 176 миллион сомониге (20 миллион доллар) кыскарганын маалымдады. Ошол эле маалда «Тажиктелеком» улуттук байланыш операторунун кирешеси көбөйгөн.

Баяндамага караганда, байланыш тармагындагы жеке жана мамлекеттик компаниялардын кирешеси 2017-жылы 2 миллиард 672 миллион сомонини түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 176 миллион сомониге аз болгон.

Буга чейин «Тажиктелеком» алдындагы Бирдиктүү коммуникациялык борбор эл аралык чалуулардын транзитинен эле орто эсеп менен ай сайын 2,1 миллион доллар киреше табары айтылган. Тажикстан Салык комитети быйылкы жылдын биринчи чейрегинде интернет-провайдерлер менен уюк компаниялар миллиондогон чыгашага учурашканын, анын айынан өлкө бюджетине 115 миллион сомони (13 миллион доллар) салык түшпөй калганын билдирди.

Тажикстандагы уюк компаниялар акыркы эки жылдан бери салык өсүп, зыянга учурап жатканын белгилешүүдө.

Акциз салыгы, мобилдик номер үчүн төлөм болбогондуктан, 10 жыл мурун өлкөдө мобилдик рынок өнүгө баштаган. 2015-жылкы өкмөттүн токтомуна ылайык, ички жана тышкы телефон чалуулар, интернет байланыш кызматы мамлекеттик «Точиктелеком» операторунун улуттук борбору аркылуу көрсөтүлө баштаган. Борборду ишке киргизүү үчүн мамлекет 50 миллион каражат сарптаган жана байланыштын бардык түрүн көзөмөлдөөдө өкмөт менен атайын кызматтарга чексиз мүмкүнчүлүктөр берилген.

Бул арада айрым компаниялар Тажикстан базарынан кетүүгө ниеттенүүдө. Күн мурун TK Mobile банкрот абалында экенин жарыялады. Veon телекоммуникациялык холдинги дагы Тажикстандагы бизнесин сата турганын кабарлады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: