Бүгүнтөн баштап республика боюнча өзгөчө абал алынып, бирок өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими сакталып турат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, жана “Граждандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарга толуктоолор киргизилген. Ошонун негизинде токтомдор чыгып, бекитилген. Акыркы өзгөрүүлөргө ылайык, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнө, райондук администрациянын жетекчилерине жана шаарлардын мэрлерине эпидемияга каршы атайын комиссиясынын чечими менен өз аймактарында карантиндик жана чектөө чараларын киргизүүгө ыйгарым укук берилген” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ