Menu

Уңгар-Тоо чатагынын чыры менен сыры

Бөлүшүү:
Өзбекстандын күч кызматкерлери Үңкүр-Тоодогу телемунарадан кармап кеткен төрт кыргызстандыкка адвокаттарды киргизбей жатат. Камактагылардын жакындары болсо, аларды тезинен бошотуу чарасын көрүүнү талап кылып, президентке кайрылышты. Өкмөт аларды чыгарып алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Эске салсак, 22-августта эртең мененки саат 9-10дордо эки вертолет менен Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияга Өзбекстан күч кызматкерлери келип, ал станцияда иштеп жаткан Кыргызстандын 4 жаранын алып, Наманган облусунун Ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Алар бүгүнкү күнгө чейин кармалып турат.

Жеңиш Разаков, вице-премьер-министр: “Өзбек премьери жарандарыбызды чыгарууну убада кылды”
— Өзбек тараптын жасап жаткан иштеринин бары мыйзамсыз. Себеби 2013-жылда эсиңиздерде болсо, дал ошол тоого вертолет менен десанттарын таштаган. Ошондо дагы чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп, юридикалык статусу такталбаган жер болгондуктан, ал жерде күч органдары болбошу керек деген чечимге келишкен. Ал сүйлөшүүлөрдүн протоколдору бар. 22-августта мына ушул протоколдорду бузуп, өздөрүнүн милиция кызматкерлерин алып келишти. Эми кармалып турган төрт жаран боюнча айтсам, кандай мыйзамдарга салсак дагы, алардын кармалып турганы мыйзамсыз. Себеби алар эч кандай чек араны бузган жок. Иштеп жаткан жеринен алып кетишкен. Биз ошол күндөн тартып эле Генералдык штабдын имаратында жайгашкан кризистик борбордо күнүгө жыйылып, кырдаалды талкуулап, иштеп жатабыз. Өкмөттүк деңгээлде жумушчу топ түзүлүп, талаш аймактарда Өзбекстандан кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн, аларга биз кандай адекваттуу чара көрөбүз деген иш-чараларды иштеп чыгып жатабыз. Тышкы иштер министрлиги тарабынан биздин 4 жараныбыз боюнча тийиштүү ноталар берилген. Өзбек Республикасынын аймагында адвокаттык топ дайындалган. Бирок єзбек тарап, бүгүнкү күндө ошол адвокаттык топту киргизбей жатат. Биздин адвокаттык топ, консул баш болуп Намангандын Йанги-Корган РИИБине келип, кайра кетишкен. Андан сырткары, чек ара кызматы тарабынан дагы күн сайын сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жакында биздин премьер-министр Ташкент шаарына барганда атайын Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушуп, бул маселени көтөрдү. Премьер-министр Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы менен сүйлөшүп, аларды чыгарып беребиз деген убадасын берген.

Чек ара тактоо эмнеге токтоп турат?
Өзбекстан менен чек араны тактоо иши 5-6 жылдан бери токтоп турат. Анын бары бул маселе боюнча эки тараптын бир пикирге келе албай атканынан улам болуп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда 58 жер макулдашылбай калган. Совет өкмөтү түзүлүп, жаңы заман келгенде – 1924-жылы улуттук аймактык жер бөлүштүрүү процесси башталган. Ал кезде биз Россия Федерациясынын автономиясында болгонбуз. Дал ошол автономиялык аймактын чек арасын тактап жаткан учурда комиссиянын курамында Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн бир дагы расмий мүчө болгон эмес.  Бул ишке белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун иниси Токо Абдырахманов (27 жашында атылып кеткен) айрым сүйлөшүүлөргө расмий эмес болсо да катышкан экен. Бирок ал кишиде чечүүчү добуш болгон эмес. Дал ошол 1924-жылкы иштин жыйынтыгы менен 1925-жылы март айында комиссия “чек ара түзүлдү” деп Борбордук аткаруу комитетине жөнөткөн. Аткаруу комитети ошол чек араны бекиткен. Бул жылдагы чек ара боюнча биздин бир топ жерлерибиз кошуналаш Өзбекстан тарапка өтүп кеткен. Ошон үчүн Өзбекстан дал ошол 1924-жылдагы комиссиянын чечимин негиз кылып алалы деген позицияны карманып келет. Бирок биздеги коомдук ишмерлер Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыковдор бул чек ара туура эмес чечилгенин айтып, жогорку жакка кайра-кайра жазып, бир нече жолу паритеттик комиссия түзүлөт. Бирок ал комиссиялар жакшы иш алып барбай отуруп, 1955-жылдагы түзүлгөн паритеттик комиссия бир топ алгылыктуу иштерди алып барат. Буга ылайык, 1924-жылы кошуналарга өтүп кеткен жерлерибиз кайра Кыргызстандыкы деп жазылган. Кыргызстан дал ушул 1955-жылкы комиссиянын чечимин негиз кылып алыш керек деген позицияны карманып келет.

Бирок
Бирок бул нерсенин Үңкүр-Тоого эч кандай тиешеси жок. Үңкүр-Тоо чек ара сызыгынын орду али эки тарап макулдашып тактай  элек аймакта жайгашкан. Станция Кыргызстанга караштуу болгону менен, 1955-жылдагы эки республиканын Паритеттик комиссияларынын иштеринин жыйынтыгына таянып, 1961-жылкы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен бекитилген чек арада Үңкүр-Тоонун өзү Өзбекстан тарапта жайгашып турат, ошондуктан бул жерди комиссия атайын тактабай калтырып койгонун айтат комиссиянын мүчөсү Саламат Аламанов. “Чек ара тактоо документтеринде Үңкүр-Тоо жайгашкан 113 чек ара чекитинен 114-чекитке чейин комиссия тактабай атайын калтырганбыз. Ал ММКларда келтирилип жаткан документтердин копияларынан деле көрүнүп турбайбы. Себеби биз сүйлөшүүнү жүргүзүп жатканда ошол жерде радио-релейлик станциясы бар экенин билип, ал станция бизге керек экенин билип, 58 талаш аймак бар болсо, ошолордун бирине кийин балким алмашып, сүйлөшүп алсак болот деген максатта тактабай калтырганбыз. Ошондуктан 2006-жылы Каримов менен Бакиев кол койгон документте Үңкүр-Тоонун тиешелүүлүгү чечилген эмес, такталган эмес. Тилекке каршы, 1955-жылкы такталган чек аранын негизинде 1961-жылкы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен бекитилген чек арада Үңкүр-Тоо биздин жерге кирген эмес экен”, – дейт Саламат Аламанов.

Өзбектер сурап жаткан Орто-Токой суу сактагычынын тарыхы
Бул суу сактагыч Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан. Кыргыздар аны Орто-Токой деп атаганы менен картада ал Касан-Сай суу сактагычы деп жазылат. Бул суу сактагыч Кыргызстандын аймагында СССРдин учурунда Өзбекстандын Наманган облусунун пахта талааларын сугаруу максатында курулган экен. Азыр деле суу сактагычтан чыккан сууну Өзбекстан пайдаланып келет. Быйыл жыл башында кыргыз чек арачылары суу сактагычка кирген жолго блокпост орнотуп, андан улам эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралууда. Үңкүр-Тоо боюнча да Өзбекстан Орто-Токойдогу блокпостту алып салууну талап кылып келет. Эгерде Кыргызстан бул суу сактагычтан Өзбекстан тарапка суу бербей койсо, анда кошуналардын көп сугат жерлери сугарылбай калат. Бирок Кыргызстан бул суу сактагычты азырынча бууп кое албайт.

Чек ара тактоодо орток пикирге келүү зарыл
Саламат Аламановдун пикиринде, бул маселе мамлекет жетекчилеринин деңгээлинде чечилиши керек. “Бул маселелер аябай саясатташып кетти. Ошондуктан бул маселени эки өлкөнүн жетекчилиги талкуулап, биргелешкен, эки тараптын кызыкчылыгын тең эсепке алган саясий чечим кабыл алышы керек. Эки тарап эки башка вариантты алып чыгып, талашып отура бергенден майнап чыкпайт. 58 талаш аймакты, ким пайдаланып жатканына карап, мунасага келип чечип алуу керек. Ошондо деле эки тарапта дагы нааразычылыктар болот. Ошон үчүн саясий чечим болушу керек. Такталбай жаткандан көрө, тактап, бекемдеп алганыбыз жакшы”, – дейт Аламанов.

Чек ара тактоо кандай кадамдардан турат?
1.  Эң алгач эки мамлекеттин жетекчилери, президент же өкмөт башчы ортодогу аныкталып, юридикалык жактан такталып, чечилген чек ара жок экен деген чечимге келет.
2.  Ошонун негизинде чек ара тактоо боюнча өкмөттүк делегация түзүлөт. Анын курамына эки тараптан биригип,  тиешелүү адистерден 50-60 киши кирет.
3.  Чек ара сүйлөшүүлөрүн атайы түзүлгөн Өкмөттүк  комиссия  көзөмөлдөйт, анын башында премьер-министр турат, курамына тиешелүү министрлер кирет. Өкмөттүк делегация аларга отчет берип турат.
4. Өкмөттүк комиссия делегацияга кайсы документтердин негизинде иштөө керектиги тууралуу көрсөтмө берет. Делегациянын ал документтерден бир кадам жылууга укугу жок.
5. Мезгил-мезгили менен делегациядан Коопсуздук кеңеши да отчет сурап турат.
6. Эгерде иш бүткөн болсо, Чек ара келишиминин долбоору даярдалып, Өкмөт  ал тууралуу президентке доклад жасайт. Адатта, президент ал докладды Коргоо кеңешинин талкуусуна коет.
8. Ал кеңештен негизинен туура чечилиптир деген чечимге келишсе, анда келишимдин долбоору өкмөттүн атынан Жогорку Кеңешке келип түшөт. Алар талкууга алып, кабыл алса ратификациядан өттү деп эсептелинет. Кабыл алынбаса өткөн жок деп эсептелинет.
9. Ратификация болгондон кийин президент «Ратификация тууралуу» мыйзамга кол коет. Берки мамлекет ошол процедураларды бүткөн болсо, эки өлкөнүн баш-чылары же атайын өкүлдөрү ратификация тууралуу документтерди бири-бири менен алмашат.
10. Мындан кийин чек ара такталды деп эсептелинип, бул документтер БУУга кетет. Ошол жакта сакталат.

Дилбар Алимова

Булак: ПолитКлиника

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: