«Шибегени капка каталбайсың» деп коёт эмеспи элибиз. Сапар Исаков Максим Бакиевдин командасында иштеп турганда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо, «Датка-Кеминди», жолдорду куруу, «Джунда» нефти иштетүүчү заводун куруу боюнча кредиттик макулдашуулардын баарын даярдоого башын малган беле? Анан анын натыйжасы кандай болду? 2010-жылдагы революциядан кийин Сапар Исаков бул долбоорлорду Атамбаевге сунуштап, мындан кантип акча тапса болору тууралуу схемаларды көрсөткөнү ушулбу?..
Ошентип, Бишкек ТЭЦи кылымдын аферасына айланды, «Джунда» иштебей турса, «Датка-Кеминдин» ар бир чакырым чубалгысына 1 млн. доллардан жумшалганычы?.. Ушунчалык эле көлөмдөгү акча ар бир чакырым жолду курууга кетип жатканы айтылууда. Бул кезектеги коррупциялык чыр-чатак. Атамбаев аныгында Сапарды «Манас» ордени менен сыйлап, премьер-министр кылды. Ал ошол замат Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү кыйратууга уруксат алып, НАТОнун мүчөсү болгон Түркияга «Манас» аэропортун сатмакчы болгонун кантесиңер? «Лигласка» байланышкан ызы-чууну араң басканда, «Акылдуу шаар» боюнча кытайдын «Хуавей» компаниясына байланышкан кезектеги чырга тушукту. «Таза коом» боюнча рекламалык роликтерден башка эчтеке жасала элек. Депутаттар тарых музейин ремонттоо боюнча материалдарды казып чыгышты, 1 млрд, сомду эч кандай тендери жок эле аты-жыты белгисиз бир фирмага берип коюшканы эмнеси? Анын жыйынтыгы эмне менен бүтөрүн жакында билебиз. Айтор, бир коррупциялык чырдан башы чыкпай жатып, экинчисине кабылууда. Нагыз Максим Бакиевдин кадры беле?
Кубат КАРАЧЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ