«Жакында Азия олимпиадалык комитетинин башчысы Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдөгү “Солнышко” пансионатында олимпиадалык база жайгашкан жердеги абал жана анын долбоору менен таанышкан соӊ, аны ишке ашырууга 5 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө макул болду», – деп билдирди бүгүн, 1-июнда Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиктин башчысы Канат Аманкулов КСДП фракциясынын жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып.
Бүгүн КСДП фракциясы өлкөдө дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү маселеси боюнча Өкмөттүн маалыматын укту.
“Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пансионатында олимпиадалык базаны куруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлор 30 млн долларга чейин каражат жумшоого даяр”, – деп кошумчалады Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы Шаршенбек Абдыкеримов.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ