Menu

Ирина Карамушкина: «Сапар Исаков кылмышка катыштыгы болсо, жоопко тартылсын»

Бөлүшүү:

– Ирина Юрьевна, Сапар Исаковго карата кылмыш иши козголгондугу боюнча кандай ойдосуз?

– Мен ар дайым экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгелерин, көз карашын, позициясын колдоп келгем. Азыр да колдойм. Ал «мамлекеттик структураларда коррупциялык иштерди жасагандарга кол тийбестик жок» деген принципти карманчу. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ал этапты улантып, коррупция менен күрөштү күчөтүп жатат. Эгер Сапар Исаковдун ТЭЦ боюнча алынган насыя акчаларга, кандайдыр бир афераларда, оңдоп-түздөө иштеринде катыштыгы болсо, ал далилденсе, жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейм. Бирок, анын күнөөлүү же, күнөөлүү эмес экенин сот органдары гана аныктай алат. Алар саясый мотивдерсиз, далилдөө базалары менен мыйзамдуу аныктайт деп ойлойм. Бүгүн коррупция менен күрөш бийликтин жогорку эшелондоруна чейин жетти. Атамбаевдин учурунда 11ден ашык саясый кызматкер: мамлекеттик кызматтагылар, депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылса, азыр ал сан өсүп жатат. Коомчулук андан кабардар. Жакында бажы кызматынын төрага орун басары кармалды. Аны көрүп, баарыбыз таңгалып, «ушунчалык эбегейсиз байлыка ээ болгон адамдар бийликте отурушабы?» деп оозубуз ачылып жатат. Мен ойлойм, коррупция менен аёосуз күрөшүү айрыкча бийликтин башкы бутактарында жүрүшү керек. Ошол эле УКМК, ИИМ, бажы кызматы, салык кызматы ж.б. ушул тармактарда иштегендер коррупциялашып кеткендиги жашыруун эмес. Тилекке каршы, коррупцияны кан буугандай токтото албайбыз. Анткени, дүйнөдө андай өлкө жок. Кытай деле коррупционерлерди атууга буюрганы менен, тамырын биротоло кырка албай келет…

Ал эми Сапар Исаков боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу айтып жатышат. Дагы айтам, анын ишин тергөө органдары иликтеп чыгат. Кандай болгон күндө да, бул «саясый куугунтук» дегенге ишенгим келбейт.

– Акыркы кездеги парламентте сүйлөгөн сөздөрүңүздөн кийин айрым КСДПчылар, мисалы, Темир Султанбеков деген КСДПчы жигит сиз жөнүндө терс пикирин билдирип, соцтармактагы баракчасына жазды. Сиз КСДПны саттыңызбы?

– Мени Фейсбукта сындап билдирүү жазган Темир Султанбеков деген неме адекватсыз, кызыктай бала экен. Маалыматтын чын-төгүнүнө жетпей, оюна эмне келсе ошону сүйлөй берет экен. Нормалдуу, акыл-эси ордунда адам маалыматты тактап алып, анан сүйлөйт, же жазат. Мен сизге маек берип жатып, чакырык таштагым келет: ким болбосун, жеке мага каршы көз караштагы адамдар нааразылыктарын, жаманаттыларын фактылар, такталган маалыматтар менен өзүмө келип, бетиме айтсын. Базар сөздөрүн токтотушубуз керек. Адам канчалык жакшы иштерди кылбасын, ага көө жабууга аракет кылгандар сөзсүз болот. Албетте, ден соолугунда проблема барлар ушинтишет.

Менин азыркы бийликке көз карашым түз. Өзүмдүн принципиалдуу пикирим, көз карашым бар. Атамбаев да, Жээнбеков да, экөө тең менин партиялаштарым. Биз 23 жыл чогуу саясый аренада өстүк. Эгер чындык алардын кимиси тарапта болсо, мен алардын ар бирин коргоого даярмын. Кимде-ким мыйзамдарды бузуп, коррупциялык иштерди жасаса, ар ким өзү үчүн жооп берет.

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: