Ушу тапта Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу боюнча агенттиктин кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү директор Алымбек Орозбековдун ишмердигине нааразы экендиги бизге жетти. Анткени өзүнөн жарытылуу демилге чыкпаган башчы кол алдындагыларга дайыма манаптык “манераларын” көрсөтүп, анан дагы кыбыр эткен кыймылды өкмөт башчыга же министрге жеткирип баргандын устаты имиш. Бирок өзү мамлекеттик кызматты оюнчук көрүп, таанышкан инвесторлорду Кыргызстанга иштиктүү жумушка чакырбай эле, галстуксуз жолугушууга көндүрүп, анан аябай майрамдайт деп угабыз. Мисалы, жакында эле кыргыз-жапан ишкерлер форуму болгондо жапандардын жатаканасына барган Алымбек Асылбекович күн чыгыштын ишкерлерин ичимдикке шыкап, өзү да ой-даа тост көтөрө берген экен, эртеси башын көтөрүп ишке келе албаптыр. Эми ишенген “инвестор тарткычыбыз” ушундай жорук жасап жатса бизге ким келсин? Уят да…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ