Германия бийлиги Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн жумушчуларды жеңилдетилген тартипте кабыл алуу боюнча мыйзамды кабыл алды. Алардын эң негизги максаты өлкөгө жумушчуларды тартуу болуп саналат. Мында, мигранттардан бир гана жогорку билимге ээ болгон диплом гана эмес, орто билимдүү дипломдор дагы жарай тургандыгы айтылат. Чет өлкөлүктөр виза алып, жакшы жумушка орношуу үчүн жок дегенде немец тилин базалык курсун билүүсү кажет. Өлкө бийлиги чет элдик адистерди өзүнө тартуу үчүн, болгой күчүн жумшамакчы. Анткени Германияда жумушчулар жетишпей келет. Мындай иш чараны жүргүзүүгө Гёте институту жана мамлекеттик мекемелер тартылган.
Ал эми, качкындар дагы төмөнкү критерийлерге дал келе турган болсо, анда аларга да 30 айлык мөөнөттүк жумуш менен камсыз болуп, балдары окууга баруу шансы боло тургандыгы айтылат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ