Учурда Баткен облусунда коронавирусту жуктуруп алган 6 бейтап бар. Алардын ичинен: Кызыл-Кыя шаары – 2, Баткен району – 6. Жалпы 6 учурдан бир учуру сырттан келген, ал эми калган 5 учур байланышта болгон адамдардан аныкталган.
Кечээ, 19-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде медициналык кызматкерлер арасында коронавирусту жуктуруп алган жаңы учур катталганын билдирген.
Белгилүү болгондой, бул медициналык кызматкерлердин арасындагы медайым Баткен шаарындагы мектеп-гимназиясында уюштурулган обсервациядагы жарандардын абалын көзөмөлдөгөн. Ал Баткен облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Мындан сырткары, кечээ Баткенде коронавирусту жуктуруп алган алгачкы бейтапты кабыл алган дарыгер-инфекционист ооруканадан чыгарылганы белгилүү болду. Ал эми 14 күн бою үй карантининде болот.
Ооруга чалдыккандардын бири 34 жаштагы Баткен облусунун тургуну болгон. Ал Баткен облустук ооруканасында дарыланган. Ал 3-апрелде коронавирустук инфекциядан айыгып чыгып кеткен. Оорулуунун абалы канааттандырарлык деп бааланган, ПЧРдин кайталанган анализи терс натыйжасын көрсөткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ