Menu

Казакстанда журналисттин тепловоз тебелеп кеткен жансыз денеси табылды

Бөлүшүү:

Казакстандык журналист Айгерим Мусаеванын тепловоз тебелеп кеткен жансыз денеси Алмата шаарындагы темир жолдон 20-октябрга караган түнү саат 00:20 чамасында табылган. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыкты.

Денеге кароо жүргүзүп, анын жергиликтүү музыкалык каналдардын биринде продюсер жана журналист болуп эмгектенип жүргөн  Айгерим Мусаева экендигин аныкташкан. Жергиликтүү басылмалардын берген маалыматына караганда, ал кырсыктан бир күн мурун үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылган эмес. Маркумдун жолдошу жубайынын дайынсыз кеткенинен чочулап укук коргоо органдарына билдирип, издеп башташкан.

Маркум 2 баланын энеси болгон.

Учурда бул иш боюнча Казакстандын тиешелүү органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: