Menu

Жогорку Кеңештин депутаты: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 1 миӊден ашык кызматтык вакансия бар”

Бөлүшүү:

Депутат эгер айыл өкмөт башчысы түз шайланса, “мени дагы эл шайлаган” деп, эч кимге баш ийбей, өз билгенин жасап калат. Алардын иштин көзүн жөндөп билбеген адистик жактан өтө төмөн деӊгээли ага кошул-ташыл болууда. Текшерүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, кылмыш иштеринин көбү дал мына ушул айыл өкмөт башчыларына козголуптур. Деп депутат Мирлан Бакириов Жогорку Кеӊештин Пресс-борборунда журналисттер үчүн өткөрүлгөн “Жай отуруп баарлашуу” долбоорунун жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

“Ушу тапта Кыргызстанда 453 айыл аймагы болсо, анын 83 пайызы дотацияда отурат. Кадрдык саясатты өзгөртүп, ар айыл өкмөтүнүн алдында кадрлар резервин түзүү менен, айыл өкмөттөрүндө иштеген кызматкерлердин адистик даярдыгын, билим деӊгээлин көтөрүү зарыл. Албеттек, мыйзам базасын да өркүндөтүлүшү керек. Ошондо жергиликтүү бюджетти толтуруу иши жакшырып, дотацияда отурган айыл аймактарынын саны кыйла азаят. “Көч бара-бара түзөлөт” дейт, буюса, өлкөнүн, анын ичинде айыл аймактарынын өнүгүү жолуна түшөрүнө ишеним бар”, – дейт Мирлан Бакиров.

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоев элет жергесине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билимдүү жаш кадрлардын келбей жатканы кейиштүү экенин белгиледи. “Кадр кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 1 миӊден ашык кызматтык ваканция бар экен. Айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлер 5-6 миӊ сом маяна алат. Анан кантип кадрлар токтойт. Мен өзүм дагы кезинде айыл өкмөтүн жетектегендиктен, алардын акыбалын жакшы түшүнөм. Баарыдан мурда, жаш кадрларга шарт түзүү керек”, – дейт ал.

Белгилей кетек, Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын түз шайлоо демилгесин көтөргөн. Ал үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” сындуу бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: