Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Мурат Соорбеков деген пайдалануучу жайгаштырды.
Анын айтымында, депутат Дүрданага 23-ноябрда башкалаабыздын соода борборлорунун биринде өткөн “Ийгилик тарыхы” деген иш-чарада белек кылган. Иш-чарага ЖК депутаты Марлен Маматалиев жалгыз келбей, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан Дүрдана аттуу кызды ээрчите келген. “Биз, депутаттар күлүп жиберип, сенин көзүңөн жаш чыгарып жибердик. Бирок сени ыйлаталы деген эмеспиз, чындыкты айтканыңа сүйүндүк”, – деп депутат окууларында ийгилик каалап, планшет жана башка белектерди тартуу кылды.
Жогорку Кеңештин жыйынында Дүрдана алардын 2 миң окуучу окуган мектебинде жалгыз медайым бар экенин айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ