Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын декларация кампаниясын соңуна чыгарып, анын жыйынтыктарын чыгарып келет.
Чүй облусунун экс-башчысы Туйгуналы Абдраимов да өз декларациясын тапшырган. Ал акыркы ирет журналисттерге болгон мамилеси менен эсте калды. 5-июнда Бишкек четиндеги Орок айылындагы окуяда журналист кыздын суроосуна жооп бергенден баш тартып, “мага сиздин кебетеңиз жакпай турат” деген сөзү үчүн журналисттердин каарына калып, жумуштан алынган.
2018-жылы Т.Абдраимов 2 млн 275 миң сом иштеп тапкан. Анын карамагында өзү 95,49% ээлик кылган “Кайнар” ЖАКы бар. Жылкысы – 17 млн 250 миң сомду түзөт. Түрү көрсөтүлбөгөн бүтпөгөн курулуш объектилери, жер тилкелери, мал чарбасы жана эки үйү – 800 чарчы метрлик дача жана 126 чарчы метрлик эс алуу үйү бар.
Декларацияга ишенсек, жакын туугандарында эч нерсе жок: акча да, мүлк да.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ