Menu

Өзгөндүк бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй салып беришти

Бөлүшүү:

Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында 20 жылдык жолугушууга чогулушкан бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй салып беришти. Алдар кездешүүнү шарактап ресторанда өткөрүүнүн ордуна соопчулук иретинде ушундай жолду тандап алышты. 

Баса, жалгыз бой эне Пазилат Акматалиева ушул тапта жаны конушка көчүп кирүүнүн камын жеп жаткан чагы. Буга дейре ал авариялык акыбалдагы үйүндө коркуп жашап, “Тамым качан көчүп түшөөр экен?”- деп санааркап келген эле.

– Катуу шамал болуп, же жер титиреген сайын үйүм качан кулап түшөөр экен деп коркуп жашачумун. Жалгыз балам бар эле. А дагы каза тапкан. Үй салып берген балдарга абдан чон ыракмат! – деди кубанычы койнуна батпаган жалгыз бой эне, Өзгөн районундагы Кашка-Терек айылынын тургуну Пазилат Акматалиева.

– Биз, классташтар, чогулуп бир пикирге келип, ушул жалгыз бой энеге үй салып берели деп келиштик. Муну үчүн ар бирибиз өз эркибиз менен 15 мин сомдон чогулттук,- деди Кашка-Терек айылынын тургуну Эрнистбек Дарыбеков.

Баса, жаны үйдү тикеленип жатканда, Пазилат Акматалиеванын коншулары дагы карап олтурушкан жок, жакындан кол кабыл кылышты. Усталарга кезектешип тамак-аш даярдашты. Ошентип, Пазилат апа кыска аралыкта айылдаштарынын жардамы аркасында жаны үйгө жарыды.

Айтмакчы, Пазилат Акматалиева бул жайга 1983-жылы көчүп кирген. Эски тамы 1975-жылдары курулган экен. Андан бери катуу жааган жаандан, жер титирөөлөрдөн улам авариялык абалга кептелип, урап калуу чегине жеткен эле.

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: