Милициянын кайгуул кызматы жасалма номур менен айдап жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык ИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 11: 50 чамасында Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “тойота ленд крузер 200 ” үлгүсундөгү автоунаанын мамлекеттик номуру шектүү жараткандыктан, авто унааны токтотушкан.
Текшерүү учурунда А.В аттуу айдоочу өзүнүн “тойота ленд крузер 200 ” үлгүсундөгү автоунаасын жасалма номур менен айдап жургөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, айдоочусу Свердлов райондук ИИБнын ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ