Бүгүн, 3-майга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
-Ош облусунда – 2,
-Бишкек шаарында –14,
-Баткен облусунда – 1,
-Чүй облусунда – 9 адам катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 795ке жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ