Menu

Видео – Собянин: Москвада чет өлкөлүк мигранттар 40% азайды

Бөлүшүү:

Москванын мэри Сергей Собянин

Москванын мэри Сергей Собянин «Россия-1» телеканалындагы маегинде башкалаанын тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздиги байкалып, кышка кам көрүү үчүн аймактардан жумушчу күчтөр тартылып жатканын билдирди.

Буга чейин мэрдин орун басарларынын бири Владимир Ефимов Москвада бир катар тармактарда жумушчу күчүнүн таңкыстыгы пайда болуп, мындан улам бизнес да жапа чегип жактанын айткан.

Орусиянын борборунда 12 миллиондой калк жашайт. КМШ өлкөлөрүнөн келип-кетип иштеген мигранттарды кошо эсепке алганда жалпы саны 15 миллионго чейин барат.

Жыл башындагы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүргөн. Миграцияга чогуу чыккан балдары жана үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсепке алганда жалпы саны бир миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Москва шаары менен Москва облусунда убактылуу отурукташкан.

Эксперттердин эсеби боюнча пандемия башталгандан бери Кыргызстанга Орусиядан 70-100 миңге чейин мигрант кайткан.

Марттан бери чек аралар жабык тургандыгына байланыштуу жана Орусиянын аймагына чет өлкөлүктөрдүн кириши чектелгендиктен, ушул тапта бир топ кыргызстандыктар ишке кайта албай турушат.

Ошол эле кезде Орусияда эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Бир күндө коронавирусту жугузгандардын саны 15 миңден ашып, 1 миллион 400 миң адамда илдет катталып, 24 миңден көп адам оорудан каза тапты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: