Menu

Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну арызданышып, дүкөндөрүнөн түнкү убакыттарда акча жана товарларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад шаарынын аймагында орун алып жаткан дүкөн уурулуктарынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1993-ж.т. О.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө О.Н. 2020-жылдын 11-октябрынан 4-ноябрга чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарындагы «Корзинка», «Баяман», «Үй-бүлөлүк» кичи маркеттерине, «Чолпон», «Шириндик» аттуу дүкөндөргө түнкү саат 02:00дөн 06:00гө чейинки аралыкта уурулукка кирип жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал алдын ала даярданып, асынма капчыгына кийим салып, жанына дайыма атайын арматура алып, беткап тагынып, кылмыш кылган жерден сигареттерди, кассада турган акчаларды ж.б. нерселерди уурдап кетип жүргөн.

О.Н. тергөөнүн жүрүшүндө дүкөндөргө кандай жолдор менен киргендигин жана эмнелерди алгандыгы тууралуу жеринде айтып берген.

Азыркы учурда О.Н. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: