Ош облусунда “ИИМдин кызматкеримин” деп, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январь күнү билдирди.
Алардын айтымында, каржы полициясына К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ош облусундагы ИИМдин кызматкери 1 000 доллар акча талап кылганын айткан. Акчаны бербесе, “ИИМдин кызматкеримин” деген жаран кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартам деп коркуткан.
Аталган факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Бериле турган акча даярдалган. Бирок, акыркы учурда ИИМдин кызматкери акчаны накталай алуудан баш тартып, банктык эсепке салууну айткан.
16-январь күнү акча банктык эсепке которулган. Оштогу соода борборлорунун биринен 69 750 сомду алгандан кийин С.Б. аттуу жаран кармалган. Териштирүү маалында кармалган адам эч бир жерде иштебегени аныкталган. Ал ИИМдин мурдагы кызматкери болгон.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ