Ташкенттин бийлиги шашылыш түрдө Шайхантахур районундагы жеке үйлөрдү буза баштады. Алардын ордуна Индиянын, Кытайдын жана Тажикстандын элчиликтерин куруу пландалууда. Үйлөрү түрттүрүлгөн жарандарга жаңы конуштардан батирлер берилет.
«Озодлик» радиосунун кабарлашынча, бир түндө «Жанггох» маалесиндеги 80ге жакын үй бузулган. «Дагы түрттүрүлө турган он үй калды. Азыр алардын тургундары буюмдарын чыгарып бошотуп жатышат», — деп жазды басылма.
Ташкент мэринин милдетин аткаруучу Жахонгир Артыкхожаевдин билдиришинче, түрттүрүлгөн үйлөрдүн ордуна Индиянын, Кытайдын жана Тажикстандын элчиликтери курулат. Ал эми үй ээлерине шаардын башка районундагы көп кабаттуу үйдөн батирлер берилет.
«Бул эртеби-кечпи боло турган нерсе болчу. Алар эки күн кыйналышат, андан кийин баары жакшы болот. Биз алардын талаптарын болушунча канааттандырууга аракет кылып, батирлерди карызга алып жатабыз. Аны кантип төлөп беребиз билбейм. Абалга түшүнүп мамиле кылган ишкерлерибизге рахмат», – деди Артыкхожаев.
Расмий маалыматтарга караганда, үйлөрү бузулган тургундарга жалпысынан 251 батир бөлүп берүү каралган. Алар шаардын Юнусабад районундагы «Мегаполис» жана Golden House турак-жай комплекстеринен батирлер бериле тургандыгы жөнүндө кепилдик каттарды алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ