Menu

«КРнын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР конституциялык мыйзамына кол коюлду

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «КРнын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

— Кыргыз Республикасынын аймактарынын ичинде толугу менен 2-форма менен арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;

— шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);

— шайлоо күрөөсү 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүлгөн;

— шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: