Бүгүн, 9-сентябрда «Бир Бол» саясий партиясынын лидери жана талапкерлери Баткен облусунун Согмент айылынын тургундары менен жолугушту.
Партиянын талапкерлери Абдисаит Каримбеков, Кумарбек Тешебаев, ошондой эле Саитжан Эратов «Бир Бол» партиясынын программасы туурасында айтып беришти.
Чек ара маселелери боюнча эксперт, отставкадагы полковник Саитжан Эратовдун айтымында, чек ара көйгөйлөрү 30 жылдан бери чечилбей келет.
«Бизге башкарууга профессионалдык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алгандар жана чек ара маселелерин терең түшүнгөн кадрлар керек. Ошондой эле чек арадагы райондордо эркин экономикалык аймактарды түзүү зарыл!» – деп билдирди Эратов.
Саитжан Эратов – Чек ара заставаларында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Чек ара маселелери боюнча эксперт, отставкадагы полковник.
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 9-сентябрь, 2020-жыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ