Menu

Казакстанда өрттөнгөн автобустун айдоочулары эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Актөбө облустук соту өзбекстандык 52 жарандын өлүмү боюнча иште шектүү катары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатовду эки айга камоого санкция берди.

Өрт учурунда аман калган айдоочулар “Адам өлүмүнө алып келген жол кыймыл же транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу” беренеси боюнча айыпталышууда.

Мамлекеттик айыптоочу Осман Орынбасардын айтымында, шектүүлөр автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампаны колдонуп, өрт коопсуздук эрежесин бузушкан.

Күйүп кеткен автобустун ээси, 50 жаштагы казакстандык Нуржан Кыргызбаев күнөөсүн моюнуна алды. Максат Пернебеков өрткө чейин эле уктап калганын билдирди. Барат Танатов айдоочу эместигин, автобуста башкалардай эле жүргүнчү болуп бара жатканын айтып, соттон эркинен ажыратпоону сурады.

Сот аларды 24-мартка чейин камакка алуу боюнча санкция берди.

Казакстандын Чымкент шаарынан Орусиянын Самара шаарына бараткан автобус 18-январда Актөбө облусунун Иргиз районунда өрттөнүп кеткен. Анда Орусияга иштегени бараткан Өзбекстандын 52 жараны каза таап, бешөөсү, анын ичинде үч айдоочу аман калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: